• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Маматалиев: “Республика” партиясынан чыгуу чечимин кабыл алдым

5 Кулжа 2020 11:52 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Республика” партиясынын курамынан чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, мындай чечимди учурдагы кырдаалга жараша кабыл алган.

«Убагында Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль “менин эң негизги максатым — элге кызмат кылуу, кызмат кылуу үчүн ошол учурда кайсы партия бийликке келе алса, ага кошулуп элге кызмат кылам” деп айткан. Ошол сыяктуу мен кырдаалды карап, «Республика» партиясынан чыгуу чечимин кабыл алдым» — деп билдирген Маматалиев.

Депутат учурда бир нече партиядан сунуш түшүп жатканын алардын ичинде “Мекеним Кыргызстан” партиясы бар экенин жана жакынкы күндөрү чечим кабыл аларын кошумчалаган.

Количество просмотров: 130