• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мамкаттоо Кулматовдун паспорту боюнча доо арызын артка кайтарып алды

14 Жетинин айы 2018 16:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи май райондук сотуна берген арызын кайтарып алды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Адвокатнын билдиришинче, бүгүнкү отурумда доогер арызды кайтарып алганы, буга байланыштуу соттук жараян токтотулганы белгилүү болгон.
21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган. Буга чейинки отурум аталган кызматтын өкүлү Насиба Калдыбаеванын ишеним катынын жоктугуна байланыштуу жылдырылган.
Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Кийин УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганын билдирген.
Количество просмотров: 37