• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Мамлекет башчынын да, өкмөттүн да тиешеси жок». Байсалов «чет элдик өкүл» мыйзамы тууралуу…

15 Бештин айы 202310:53 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов эл аралык «RFI» басылмасына маек берип жатып, бейөкмөт уюмдар жана массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдар тууралуу өз пикирин айтып, комментарий берди.

Анын айтымында, депутаттар сунуштап жаткан бул мыйзамдарга мамлекет башчынын да, өкмөттүн да тиешеси жок.

«Президенттик администрацияда биз дагы сиздердей эле ушундай долбоорлорду жаңылыктардан билебиз. Бул мыйзам долбоорлорун биздин парламенттин айрым депутаттары көтөрүп жатышат. Бирок мыйзам чыгаруу демилгесинин укугу ошол үчүн. Парламентте талаш-тартыштар болуп жатат, бирок ага мамлекет башчынын да, өкмөттүн да тиешеси жок. Укук коргоочу жана жарандык активист катары мен мындай мыйзамдарга тынч эле мамиле кылам, анткени чындыгында алар негизинен аткарылбайт. Биздин заманбап коомдо мындай көзөмөлдү ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Эркиндикти сүйүү, сөз эркиндиги элибиздин ДНКсында сакталып калган жана муну биз көп жолу далилдедик. Эркиндиктерди чектөө аракети коомдун катуу каршылыгына дуушар болот. Демек, мындай демилге көбүнчө биздин парламенттик көпчүлүктү ынандырып, мамлекет башчысын ынандырууга жетишип, ал мыйзамга кол коюп койгондо да, мындай демилге өлүк болуп чыгат.
Биздин коом ачык, ал дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланган. Биз активисттерибизди эч кандай чектөөгө барбайбыз. Анын үстүнө, тескерисинче, Европа Биримдиги менен мамилебиз күчөп баратат. Келерки жылдын жазында биздин мамлекет башчынын Брюсселге келиши күтүлүүдө, анда биз көп жылдан бери даярдалып келген ар тараптуу өнөктөштүк боюнча чоң келишимге кол коебуз», — деген Байсалов.

Эске салсак, депутат Надира Нарматова сунуштаган бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоору былтыр ноябрда коомдук талкууга чыкканю Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн мыйзамга дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Юристтер “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтый турганын айтып чыгышкан.

Ал эми Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 85