• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурунку директору кармалды

14 Бугу 202018:53 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурунку директору Наталья Черногубова кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү баслымалар жазууда.

Маалыматка ылайык, Наталья Черногубова 12-майда Аскер прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан колго түштү. Ушул жылдын 7-апрелинде Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук операторлордун бири жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге операторго лицензияны кайра каттап берүү боюнча көмүскө бүтүмгө келген. Бул иш-аракет мамлекетке зыян келтирген», — деп айтылат маалыматта.

Н.Черногубова УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө улантылып жатат

Количество просмотров: 51