• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мамлекеттик ишмер Канатбек Жаманкулов узакка созулган оорудан улам каза болду

26 Үчтүн айы 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 7-январында 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери Жаманкулов Канатбек узакка созулган оорудан улам каза болду.

Жаманкулов Канатбек 1937-жылы 4-декабрда Чүй облусунун Москва районундагы Кош-Дөбө айылында туулган.

1955–1960-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык факультетинде окуган.

Жаманкулов Канатбек өмүр бою партиялык жана мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген.

1961–1972-жылдары Ош облусунун Өзгөн районунда ветеринардык мекемеде ветеринардык врач болуп эмгектенген. Андан соң Араван районунда башкы ветеринар болуп алектенген.

1972–1981-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын Араван райондук аткаруу комитетинин экинчи катчысы болуп иштеген, кийин 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын Совет райондук аткаруу комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

1983–1995-жылдары Жаманкулов Канатбек Кыргыз ССРинин Ош облустук кеңешине жана Араван, Кара-Кулжа райондорунун жергиликтүү кеңештерине шайланып, андан тышкары 1990–1994-жылдары “Легендарлуу парламентте” депутат болгон.

1996-1998-жылдары Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

2000-жылдан тартып Чүй облустук Согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары болгон.

Жаманкулов Канатбек көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен үч жолу сыйланган.

Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Количество просмотров: 39