• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков каза болду

28 Теке 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды. Алдын ала маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан улам көз жумду.

Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнаты 29-июлда өтөт.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2004-жылы «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Количество просмотров: 1187