• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

29 Теке 2021 13:19 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Сыдыков 78 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Үсөн Сыдыков менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында өттү.

Президенттин администрациясы некролог таратып, анын жакындарына көңүл айтты.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2004-жылы “Кыргызстан элдик кыймылынын” аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Количество просмотров: 56