• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мамлекеттик катчы: Такталбаган, толук кароодон өтө элек туу илинип ызы-чууну жаратып жиберди

8 Үчтүн айы 2024 12:48 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында макулдашылбаган туу илингенин ырастады.

“Моюнга ала кетишибиз керек. Жаңы жылды жаңы туу менен тосолу деген жагдайда толук такталбаган, кароодон өтө элек туу илинип бир топ ызы-чууну жаратып жиберди. Бул тууралуу дагы биз кийин кеп кылабыз. Бүгүнкү туу Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алып, өкмөттүн токтому менен бекитилген желек. Эми өңү, узуну кандай даярдалышы керек өзүнүн жобосу менен накта желегибиз жаңырды”, — деди ал.

Мындан тышкары Касмамбетов туу көтөрүү аземине эмне үчүн президент катышпагандыгынын себебин түшүндүрдү.

«Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок, негизги идея сакталып, бир аз гана техникалык өзгөртүүлөр киргизилди. Ошого байланыштуу иш-чараны Садыр Жапаровсуз өткөрүү чечими кабыл алынды», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, 8-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтына илинген туу кайрадан алмаштырылып, бул жолу Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинди.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, парламенттин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү катышты.

Буга чейин 1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жаңы туу илинген. Бирок ал Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желектен айырмаланган. Анда күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилген.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Орунбеков Министрлер кабинети туунун акыркы вариантын толуктап, токтом менен бекиткенин билдирген.

Количество просмотров: 367