• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Туу алмашса канча каражат кетет? Төраганын жообу…

29 Жетинин айы 2023 11:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн карама сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты.

Желектин сунушталган вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

Документтин дагы бир автору, спикер Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын билдирди. Бирок кайсы демөөрчүлөр экенин ачыктаган жок.

Количество просмотров: 152