• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды

9 Аяк оона 2023 9:00 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы жана КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик курулуш агенттигинин борбордук аппаратынын өкүлүнө Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы (Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору) У.Н. жана КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.Т.ны мыйзамсыз бошотуу демилгесин көтөрүү үчүн 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалышты.

«Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору У.Н. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. аркылуу КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин А.А. аттуу жооптуу кызматкерине райондук башкармалыктын башкы бухгалтери Ж.Т.ны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн мыйзамсыз аудиттик текшерүүнү жүргүзүп, каралоо жолу менен кызматтан алуу максатында кайрылган. 2023-жылдын 6-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында У.Н. жана К.Б. КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 684