• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине жаңы директор дайындалды

16 Бирдин айы 202420:17 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Примов министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР онституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Примов Алмазбек Абдыакимович министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигин Канатбек Тургунбеков жетектеп келген.

Количество просмотров: 150