• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 27,6 миң тонна буудай сатып алды

6 Бештин айы 202312:19 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 6-декабрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 27 миң 600 тонна аштык буудай сатып алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган дан эгиндеринин сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес жана курамындагы илешкектиги (клейковина) 23 пайыздан кем эмес.

Учурда буудай сатып алуу иштери уланууда.

Количество просмотров: 62