• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды

11 Жетинин айы 202414:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов. Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.

Тактап айтканда, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда.

Ал эми Саламаттык сактоо министри жыйын учурунда депутаттардан башкы дарыгерлер менен оорукана жетекчилеринин бир эле убакта жеке клиникаларда да иштөөсүнө тыюу салган мыйзамды кабыл алууну өтүндү.

“Бардык жерде кландар бар. Дарыгерлер эртең менен мамлекеттик мекемеде иштеп, бейтаптарды түштөн кийин өзүнүн жеке менчик клиникасына жөнөтөт. Муну токтотуш керек”, — деди министр.

Количество просмотров: 144