• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

5 Бугу 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, республиканын түштүк аймактарында кыска мөөнөттө нөөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жер көчкүлөрүнүн активдешкен учурлары катталды.

Жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады, ички каттамдын жолдорун, эгин талааларын сел алып, 200дөн ашык турак үйдүн короосун суу каптады. Бир нече көпүрөлөр урады.

Селдин кесепетин жоюу үчүн КР ӨКМнин бөлүмдөрү, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бардык керектүү оор инженердик техникалар өзгөчө кырдаал орун алган аймактарга мобилизацияланып, калыбына келтирүү иштерин аткарып жатат, ошондой эле керектүү товардык-материалдык каражаттар менен камсыздалууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сел кооптуулугу жаралган мезгилде сак болууга чакырат.

Теги:
Количество просмотров: 113