• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин Кыдыкбек Кыдыров аткарат

7 Бештин айы 202422:23 Бишкек Govori.TV

Буга чейин кабарлангандай, 6-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев УКМК тарабынан камакка алынган. Камакка алууга себеп, акциздик маркалар боюнча 3,2 млрд сомдук коррупцияга байланыштуу экенин УКМК тактаган.

Алтынбек Абдувапов Салык кызматынын төрагасы кызматынан тергөө учурунда четтетилгени, бул боюнча тиешелүү документке Акылбек Жапаров кол койгону белгилүү болду.

Ал эми Салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп, буга чейин Биринчи май райондук салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыдыкбек Кыдыров аткарары белгилүү болду.

Ал эми А. Абдувапов менен И. Кыдыргычев келерки жылдын 20-январга чейин абакта кармала турган болушту.

Количество просмотров: 291