• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин бир орун басары кармалса, дагы бири суракта экени белгилүү болду

5 Бештин айы 202422:39 Бишкек Govori.TV

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычевди кармаганын Kaktus.media сайты укук коргоо кызматындагы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

УКМК кызматкерлери И. Кыдыргычевди бүгүн 5-декабрда кармаган. Ал ушул тапта УКМК СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайында экендиги белгилүү болду.

Мындан тышкары Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин дагы бир орун басары Бекболот Алиев суракта экендиги да маалым болду.

Буга чейин УКМК акциздик маркаларга байланышкан коррупциялык схеманы аныктап, андан мамлекет тарткан зыян 3,2 млрд сом экени да айтылган. Ушул иш боюнча салык кызматынын бир топ жетекчилери буга чейин кармалган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай кармоолор дагы уланарын айткандыгын эске салабыз.

Количество просмотров: 277