Мусаев Сыртбай Жолдошович Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка пезиденттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон.
Белгилей кетсек, Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясыеда төрагалык кызматты буга чейин Назаркул Ишекеев аркалап келген.