• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мамыркулованын кармалышы: Депутат сот чечимин сындады

8 Чын куран 202513:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова тергөө судьяларынын чечимдерине нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, шектүүлөргө карата камактан башка да бөгөт чаралары караса болот.

«Жакында камакка алынган блогер айым буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Үй камагы же башка жолдор бар го. Эмне үчүн соттор ар тараптуу, адамгерчилик менен мамиле кылышпайт?» — деди ал.

22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

Количество просмотров: 203