• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамытов Казандагы окуучулардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

12 Бугу 2021 15:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге Казан шаарындагы гимназия окуучуларынын трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөщз кызматы билдирет.

«Балдардын трагедиялуу өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Бул ар бир каза болгон баланын үй-бүлөсү үчүн чоң жоготуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын туугандарына жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бардык жарадарлардын тез арада сакайып кетишин тилейм» — деп айтылат телеграммада

Количество просмотров: 149