• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Мамытов Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту

9 Бештин айы 2020 13:33 Бишкек Govori.TV

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мекендештер менен түзүлгөн жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн кубанып жаткандыгын айткан Жогорку Кеңештин төрагасы бул баарлашуу жакындан пикир алмашууда өтө маанилүү экенине токтолду.

Муну менен катар төрага Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда миграциялык өз ара байланыш, өлкөлөр ортосундагы аба жана темир жол каттамдарынын толук калыбына келтирүү, Кыргызстандык эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Андан сырткары Талант Мамытов Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады. Төраганын айтымында аталган Кеңеш чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештерибиз менен байланышты арттыруу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну камсыз кылуу, миграция жана диаспоралар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иш алып барат.

Жолугушуунун соңунда төрага Талант Мамытов мекендештердин сунуш-пикирлерин угуп, кызыккан суроолоруна жооп берди.

Количество просмотров: 65