• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мамытов Вена шаарындагы мекендештер менен жолугушту

10 Аяк оона 2021 16:42 Бишкек Govori.TV

8-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, депутаттар Уланбек Исмаилов жана Жылдыз Мусабекова Австрия, Чехия жана Словакия өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда алгач төрага Талант Мамытов Вена шаарындагы иш сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылып, парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясында маанилүү маселелер талкууланганын жана бир катар олуттуу жолугушуулар өткөнүн кошумчалады.

Муну менен катар ички саясий абал жөнүндө да маалымат берген Талант Мамытов COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюу багытында жасалып жаткан кадамдар жана 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылды. Ошондой эле Австрия, Чехия жана Словакия өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктарды алган билимдерин жана тажрыйбаларын Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жумшоого чакырды.

Жолугушуу баарлашуу форматында өтүп, мекендештерди кызыктырган маселелер ачык талкууга алынды.

Анын ичинен Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктардын кызыкчылыгын, мыйзамдык укуктарын коргоо жаатында тийиштүү өлкөлөр ортосунда керектүү макулдашууларга жетишүү зарылчылыгы көтөрүлдү. Айрыкча аталган чөлкөмдөгү өлкөлөргө өкүлчүлүк мекемелерин ачуунун жана штаттык бирдиктерди көбөйтүүнүн маанилүүлүгү айтылды.

Эки саатка созулган жолугушуунун соңунда төрага Талант Мамытов кыргызстандыктардын мекенчилдигине жана өз журтуна көмөк көрсөтүү багытында жасаган аракеттерине ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары, айтылган бардык сунуштар аткарылаары белгиленип, элчиликке консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү Европанын башка өлкөрүнө да жайылтуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле чет өлкөдөгү мекендештердин биримдигин чыңдап, коомдук иштерде жигердүүлүгүн көрсөткөн кыргызстандыктарга Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Количество просмотров: 111