• Шейшемби 7 Теке 2026
  • Вторник 7 Июль 2026

«Манас» аэропорту 22:00гө чейин жабылды

7 Теке 202617:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы менен окуя катталды.

Маалыматка ылайык, учактын ичинде 181 жүргүнчү болгон. Учак абага көтөрүлүүгө аракет кылып жатканда арткы шассилеринин бири сынып, анын кесепетинен аба кемеси сол канатына кыйшайып, учуп-конуу тилкесине кулап түшкөн. Учактагы бардык жүргүнчүлөр тез арада эвакуацияланды.

«Бир нече адам жеңил жаракат алган. Учурда дарыгерлер аларга аэропорттун биринчи кабатындагы, Ош секторунун учуп келүү аймагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп жатышат. Учурда «Манас» эл аралык аэропортунда бардык каттамдар саат 22:00гө чейин убактылуу токтотулду», — деп билдиришти компаниядан.

Количество просмотров: 5