• Шейшемби 7 Теке 2026
  • Вторник 7 Июль 2026

Минкаб башчысы мамлекеттик кызматкерлер менен куткаруучуларды сыйлады

7 Теке 202617:11 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана ыраазычылыктарын тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинде минкаб төрагасы кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата бир катар кызматкерлерди Ардак грамоталар жана алкыштар менен сыйлады.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга кошкон салымы үчүн Куткаруу кызматынын кызматкерлерине, ал эми жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө, өлкөнү Европа бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча маселени чечүүгө салым кошкон тармактын адистерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында акыркы жылдары экономикада, социалдык чөйрөдө жана маданиятта олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.

«Бул ийгиликтердин артында сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер бар. Ар бириңиздердин мамлекетибиздин өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар чоң», — деди Адылбек Касымалиев.

Количество просмотров: 18