• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Манас» аэропорту автобустарды сатып алды 

25 Чын куран 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аэропортторундагы атайын техникалардын паркы жаңы автобустар жана аэродромдук кар тазалоочу техникалар менен толукталды, деп билдирет «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы аэропорту төрт атайын жүргүнчүлөрдү ташуучу перрондук автобустарды сатып алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган автобустардын бири «Ош» эл аралык аэропортуна жөнөтүлсө, экинчиси «Каракол» эл аралык аэропорту ишке берилгенде өткөрүлүп берилет. Ал эми калган эки автобус «Манас» эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрүн тейлемекчи.

Ошондой эл жаңы курулуп жаткан «Каракол» эл аралык аэропортуна аэродромдук фрезердик кар тазалоочу атайын жаңы техника сатып алынып, жеткирилип берилди.

Количество просмотров: 110