7-майда Бишкек-Москва каттамдары кармалып жатканын «Манас» эл аралык аэропорту кабарлады. Маалыматка караганда, Москвага авиакаттамдар убактылуу токтотулду.
«Домодедово аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу уча элек. Ушул эле аэропортко уча турган YK883 рейси кармалып турат», — деп айтылат маалыматта.
«Манас» эл аралык аэропорту ушу тапта 130 жүргүнчү Москвага авиакаттамды күтүп жатканын жана алар тамак-аш менен камсыз болгонун билдирди.
Буга чейин Москва облусу жана Москва шаары дрон чабуулуна кабылганы кабарланган.