«Манас Эл аралык аэропорту» Судандагы авиакырсык учурунда табылган «Манаска» тиешелүү документ (тархетка) аэропорттун өзүнө эмес, «Airline Transport Incorporation FZC» компаниясынын кызматкерине таандык экенин расмий билдирди.
Аэропорттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Россиянын жараны болгон Виктор Гранов 2024-жылдын май айында «Манас» аэропортунан Ош эл аралык аэропортуна АН-12 учагын жеткирүүгө пилоттук кызматка чакырылган.
«Бирок графиги көп болгондуктан, учакты жеткирген эмес. Тархетка ага май айында пландалган жеткирүүгө байланыштуу берилген. Белгилей кетсек, мындай карталарды «Манас» өзүнүн кызматкерлерине гана эмес, ошондой эле аэропорт менен түзүлгөн келишимдин негизинде кызматташкан бардык компанияларга берет, муну менен адамдар өздөрүнүн эмгек милдеттерин аткаруу үчүн аэровокзалга жана перронго тоскоолдуксуз кире алышат.
Кулап түшкөн учактын борт номери: EX 76 011, бул Эмираттын «Рим стайл» компаниясына таандык болгон. Андан кийин 2024-жылы бул учак New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясына сатылган жана Ош шаарындагы «Airline Transport Incorporation» FZC менен эч кандай байланышы жок. New Way Cargo Airlines авиакомпаниясы да Кыргызстанда катталган. Жүк ташуу үчүн аба операторунун сертификаты 2025-жылдын 16-июнуна чейин жарактуу», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Суданда орусиялыктар бар делген жүк ташуучу учак атып түшүрүлгөнү маалымадалган.
Ал эми Mash Telegram каналынын айтымында, каза болгондордун бири FZC Airline Transport Incorporation компаниясынын башкы инженери Виктор Гранов. Анын күбөлүгү видеодо көрсөтүлгөн – ал “Манас” эл аралык аэропортунда берилген.