Бишкек.26.01.2019.Govori.TV.
Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда жеңил автоунаа күйүп кетти. Бул туурасында массалык маалымат каражаттарына жарыяланган.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 26-январда саат 14.00дөр чамасында Дача СУ айылы тарапта болгон.
“Окуя болгон жерде ӨКМдин жана милиция кызматкерлери иштеп жатты. Бизге эч ким жаракат албаганын айтышты. Өрт эмнеден улам чыкканы белгисиз”, — деп айтылат маалыматта.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча Lada Priora үлгүсүндөгү унаа күйгөнүн билдирди. Жаракат алгандар болгон жок, башка унааларга да зыян келтирилген эмес.