“Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
«Дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 3:00гө чейин каттамдар токтотулду. Буга порттун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери башталганы себеп болду. Бардык авиакомпанияларга пландалган оңдоо иштери тууралуу маалымдалган жана жүргүнчүлөр учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуусун суранабыз», — деп жазылат билдирүүдө.