• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

28 Чын куран 202212:55 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жана 28-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 81-86-чакырымдарында жайгашкан Чоң-Ашуу ашуусунда суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Кырсык катталган учурда 112 кызматына чалыңыздар.

Количество просмотров: 1115