• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Манас Арабаев кимдин тилин тапты?

6 Теке 20191:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.07.2019.Govori.TV.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев үй камагына чыгарылды. Анын баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим чыгарганын «Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы жеке булагы билдирди.

Манас Арабаев 2-июнда кармалган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны «сот системасынын куратору» деп атап келишкен. УКМК Арабаевди «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп кармаган. Мекеме тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объекттерин рейдердик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.

2-июлда Коомдук телеканалдын курамына кирген «Ала Тоо 24» каналында Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык тууралуу журналисттик иликтөө чыккан.

Количество просмотров: 12