• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Манас атабыз жөө турат. Рысалиев Жээнбековго кайрылды

25 Кулжа 2020 11:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев сөз сүйлөп, Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жөө турган баатырлардын атка минип отурган эстелигин коюну сунуштап, алардын минтип турушу чоң намыс жана уят иш экенин айтты.

“Сооронбай Шарипович, сиз Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз. “Манас ордо” 1995-жылы курулган, ошондон бери бир дагы өзгөрүү жок. Манас атабыз найзасына таянып Аккуласы жок турат. Каныкей энебиз, Бакай атабыз, Кошой атабыз, Алмамбет баатырыбыз жөө турат. Эгер Манас казак, түркмөн же өзбек уурусунан болуп калса ушундай мамиле жасайт беле? Жок, себиби Манас элди, жерди түптөгөн адам”, — деди Рысалиев.

Рысалиев бул тууралуу президенттин жеке өзүнө айтуу үчүн жолугууга аракет кылып, бирок жанындагылар жолуктурбай койгонун кошумчалады.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен кирсем сизге өзүнчө айтат элем, бирок жаныңыздагылар киргизбей койду. Сизге айтаарым, ошол тегерегиңиздеги эки-үч кишинин көзү менен көрүп, акылы менен туюп иштеп калсаңыз жаңыласыз. Сиздин жакыныңыз, сиз үчүн күйгөн киши катары суранам, иш тартибиңизди кичине өзгөртсөңүз. Сооронбай Шарипович, мен айткандарды эсиңизге алып, тапшырма берип бүтүрүп койсоңуз”, — деди Рысалиев.

Количество просмотров: 1292