• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Манас»: Бишкекке учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды

26 Бугу 2021 11:59 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын чартердик рейси 25-май күнү саат 23: 11де «Манас» эл аралык аэропортуна (Бишкек) учуп келди. Анын бортунда 186 жүргүнчү болгон, деп билдирди «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы.

«Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүгө, келүүгө жана транзитке убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы 177 тажик жаранын киргизбей койду. Үчүнчү өлкөлөрдүн 9 жараны каттоодон өтүп, Бишкекте калды», — деп айтылат билдирүүдө.

Тажик жарандары менен учак 26-майда саат 03: 17де Дүйшөмбүгө учуп кеткенин аэропорттон билдиришти.

Количество просмотров: 123