• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Киевде тажик жаранына ок тийди

11 Жалган куран 2022 10:56 Бишкек Govori.TV

Киевде тажик жаранына ок тийди. Бул тууралуу 10-мартта Тажикстандын Украинадагы элчилиги кабарлады.

22 жаштагы Н.Ж. аттуу мигрант 9-мартка караган түнү коменданттык саат учурунда көчөгө чыккан кезде атышууга кабылып, бутуна ок тийген.

«Азыр мен ооруканада жатам. Бутума операция жасалды. Дарыгерлер азыр турганга уруксат бербей жатышат», — деди ал.

Киевдеги тажик элчиси Давлатали Назризода ооруканага барып, жарадар болгон мигрантка кирип чыккан жана ага көмөк көрсөтүлөрүн билдирген.

Орусиянын Украинага каршы аскердик чабуулуна байланыштуу Киевде 24-февралдан бери кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Количество просмотров: 236