Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 4- декабрь күнү “Манас күнүнө” карата республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, таймаш эки багытта өтөт. Сынакка 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат.
Кароо-сынак 2-декабрда күнү Бишкек шаарындагы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинде 9:00до башталат.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2019-жылдын 4-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлөт.
Сынакта төмөндөгүдөй байгелер каралат:
20-30 жаш курагындагы манасчылар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун 20 000сом
2-орун 10 000сом
3-орун 8000 сом
10-20 жаш курагындагы манасчылар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун планшет
2-орун планшет
3-орун планшет
Иш- чаранын өнөктөштөрү болуп, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси болуп эсептелет.