• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Манаста» Сеулдан биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

12 Кулжа 2023 10:11 Бишкек Govori.TV

Күн мурун, 11-июнда «Манас» эл аралык аэропортуна Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учагы келип конду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Эми мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борбору Сеулга Бишкек шаарынан түз уча алышат. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Учактын Сеул шаарына конуусу жекшемби күнү, ал эми Бишкектен учуу убактысы дүйшөмбү күнү аткарылат.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиа билеттерди сатпай турганын жана баа саясатына аралашпай турганын эскертет. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржы маселелерге кийлигишпейт.

Количество просмотров: 74