Борбордук Ала-Тоо аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар демонтаждалып, толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, оңдоо иштери январдын ортосунда башталат.
«Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган.
Эске салсак, 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо иштери жүргөн. Ошол кезде бул жерде гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылган эмес.
Ошол себептен суу кирип, астындагы конструкциялардын бузулуусуна алып келген», — деди ал.
Аскат Алагөзов белгилегендей, эми эстелик астын оңдоодо бул кемчиликтер эске алынып, толугу менен жоюлат.