Бүгүн, 18-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алды.
Мыйзам долбоору тууралуу демилгечилердин бири, депутат Улан Примов маалымат берип, ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Алсак, Жогорку Кеңештин 90 депутаты көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча мажоритардык тутум аркылуу шайланат. Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү.
«Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен учурда, депутаттык мандат тиешелүү көп мандаттуу аймактык шайлоо округунда эң көп добуш алган кийинки талапкерге берилет. Жогорку Кеңештин депутаты аял киши болсо, анда депутаттык мандат тиешелүү көп мандаттуу аймактык шайлоо округунда эң көп добуш алган кийинки аял талапкерге берилет», — деди Примов.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндөгү ченемге көңүл буруп, буга каршы пикирин айтты.
«Ушул жерде бир аз демократия болбой калып жатат. Кийинкиси келет деген болбойт. Шайлоо өттү ал алдыга чыккан жок. Шайлоодон соң депутат болуп келген кишини кийинки кезекте турганы иштетпейт», -деди депутат.