• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Мандатыңды тапшыр!». Депутат Атазов митингге чогулгандарга чыкты

15 Кулжа 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар «Эркин айым — өнүккөн өлкө», «Атазов мандатыңды тапшыр!» деген жазууларды кармап турушат. Ак үйдүн алдына чыккан жарандарга депутат Атазов чыкты.

Митингдин катышуучуларына чыккан Атазов чогулгандардын кадамын сынга алып, нааразы пикирин билдирди.

«Биздин өлкөдө кыздардын укутары корголуусу керек. Биз депутат катары өз сунушубузду, пикирибизди айтып жатабыз. Бизге Россиядан кайрылуулар келип жатат, алар «бул жакта кыздар кордолуп жатат, жумушу жок калууда, өлүгү кетүүдө» деп айтып жатышат. Мен эртеңки күндө эне болчу жаш 18 жаштагы кызды коргоюн деп жатам. Башка жакка барып кор болбосун деп жатам», — деди депутат.

Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткан сунушуна каршы пикирин билдиришүүдө.

Буга чейин депутат Шайлообек Атазов 9-июнда өткөн маалымат жыйында жаш кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштаган.

«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак. Болбосо турмушка чыккандан кийин барышса. Миграция тармагы боюнча тийиштүү органдар комитетке келип маалымат берсин», — деди Атазов.

Атазовдун мындай сунушу социалдык тармактарда талкууга жем таштады.

Количество просмотров: 4323