• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Марипов «Almaty Digital Forum 2021» форумуна жана ЕӨАК жыйынына катышат

5 Бирдин айы 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүчү Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Иш-чаранын алкагында өкмөт башчы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, премьер-министр «Almaty Digital Forum 2021» форумунун ишине катышмакчы.

Количество просмотров: 158