• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Марипов кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

3 Жалган куран 2021 13:02 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм.

Герб жана гимн менен катар Мамлекеттик туу биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн символдорунун бири болуп саналат.

Мамлекеттик туунун майрамы өзүндө патриоттуулуктун жана мекенге болгон чыныгы сүйүүнүн рухун камтып, маанилүү күндөрдүн календарында ардактуу орунду ээлеп калды.

Мамлекеттик туу – бул өлкөнүн ар бир жаранынын сыймыгы жана биздин спортчулар мелдештерде жеңишке жетип, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, биздин туу менен пьедесталга көтөрүлүп жаткандагы адамдардын сезимдерин жана эмоцияларын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес.

Сиздерге чың ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайбыз!»

Количество просмотров: 79