• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Марипов Мамытканов, Сурабалдиева, Токтогазиевдер тууралуу оюн айтты

2 Бирдин айы 202119:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын премьер-министрдин кызматына көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов сунуштаган тизменин курамы кыйла азайган. Жаңы курамга кирбей калган вице-премьерлер Мамытканов, Сурабалдиева, Айыл чарба министри Токтогазиев тууралуу пикирин айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Ачык эле айтайын, биз көңүлгө карашыбыз керек же реформаларды жасашыбыз керек. Мен ар бир вице-премьерди сыйлаймын, ар бир адамды сыйлайм, бирок, бүгүнкү күндүн талабы жеке мага коюлуп жаткан элдин талабы ушундай, биз жоопкерчиликти ошондуктан алып жатабыз», — деп айтты ал.

Количество просмотров: 326