• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Марипов Вьетнамдын Кыргызстандагы элчиси Нгуен Тхи Хонг Оаньды кабыл алды

12 Баш оона 2021 18:28 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Вьетнам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Экономикасы интенсивдүү өнүгүп жаткан өлкө катары Вьетнам мамлекети менен болгон достук мамилеге жана кызматташтыкты кеңейтүүгө Кыргыз Республикасы олуттуу маани берээрин Улукбек Марипов белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуунун алкагындагы маселелерди талкуулашып, туризм тармагындагы кыргыз-вьетнам кызматташтыгын активдештирүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо, Бишкек менен Ханойдун ортосунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча пикир алмашышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү олуттуу түрдө жогорулатуу жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар.

Улукбек Марипов Нгуен Тхи Хонг Оаньды Элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, өз ара кызыкчылыкты көздөгөн тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон үмүтүн билдирди.

Элчи Нгуен Тхи Хонг Оань өз кезегинде Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары дагы бекемделишине жана өнүгүшүнө үмүт артаарын билдирди жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Чиньдин куттуктоо сөздөрүн жеткирди.Марипов Вьетнамдын Кыргызстандагы элчиси Нгуен Тхи Хонг Оаньды кабыл алды 

Количество просмотров: 127