Сокулукта маршрутканын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.
Кырсык 1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 8-чакырымында болгон. Анда «АЙМЭ» ЖЧКга караштуу №374 «Бишкек — Кара-Балта» маршруттук каттамында жүргөн “Мерседес бенц 313” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты карай бара жатып түндүктөн түштүктү көздөй жөө өтмөктөн журкап чыга калган 2015-жылы туулган А.А.ны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болгон.
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жана ЖККБнын кызматкерлери тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.