• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Мас абалында соттук ишке катышты» делген прокурор иштен алынды

17 Бештин айы 2020 10:10 Бишкек Govori.TV

Ош облустук прокуратурасы бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалат.

Тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги кол койгон.

Эске салсак, 12-декабрь күнү интернетке «Ошто мас абалындагы прокурор соттук ишке катышып, кийин терезелердин темир торун сындырып качып кетти» деген аталыштагы видео тараган. Анда бет кап тагынган кишиге аялдын кайрылып сүйлөп жатканы тартылган.

Бул боюнча териштирүү иштери башталганын Башкы прокуратурадан кабарлашкан. Кызматтык иликтөө иштери дагы эле уланып жатканы кабарланды.

Количество просмотров: 171