Бишкек.04.01.2019.Govori.TV
4-күндүн ичинде өлкө боюнча мас абалында машине айдаган айдоочуларга салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сом болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мас абалында машине айдаган 15 жаранды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салды.