• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мас аял жарандык никедеги күйөөсүн бычак менен сайып өлтүргөн

25 Жалган куран 201917:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV.

Самаркандда мас абалындагы аял жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кетип, жыйынтыгында аны бычактап салган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматына таянуу менен жазып чыгышкан.

Маалыматка караганда, окуя 24-мартта түнкү саат 00:45те болгон. Аял күйөөсүнүн далысына жана курсагына бычак сайгандан кийин качып кеткен. Күйөөсү алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Ошол эле күнү Самарканд шаардык прокуратурасы тарабынан аялга карата «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 16