• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мас болуп аялын сабагысы келген неме кармалды

25 Аяк оона 202411:02 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга жылаңачтанган адам аялын көчөдө сабоого аракет кылып жаткан видео тараган. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнен билдирди.

Дагы бир адам аны токтотууга аракет кылган, бирок ал тынчыган эмес. Андан кийин үйүнүн жанында жашаган жубайлар ортого түшүшкөн. Аларга кошо ызырынып, үйгө кирүү үчүн дарбазаны сындырган.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 24-сентябрда кечке маал Бишкектеги Кронштадтская көчөсүндө болгон. Арыз ээсинин айтымында, анын күйөөсү мас абалында жаңжал чыгарган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милицияга 28 жаштагы Г.А. алынып келинип, Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлдү. Анын ишин кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 360