• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Масалиев: Атамбаев психиатриялык саламаттыгын текшертүүгө барыш керек

12 Бештин айы 2019 14:21 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткандыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жеке пикирин билдирди.

Анын айтымында, шектүүлөрдү ушундай экспертизадан өткөрүү тергөө ишинин каалосу эмес бул талап.

«Оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу шек саналган кишиге экспертиза дайындалат. Андыктан Алмазбек Шаршенович эмнеден тартынып жатат билбейм»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, 9-декабрда Ички иштер министрлиги мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка байланыштуу Атамбаев менен анын 15 тарапташы соттук-психиатриялык экспертизадан өтүшү зарыл экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 34