• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Масалиев: Атамбаевдин тарапкерлери дүрбөлөң уюштуруусу толук мүмкүн

10 Чын куран 201912:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «экстин мүнөзүн билебиз, дүрбөлөң уюштурууга толук мүмкүнчүлүк бар»,- деди. Бул тууралуу Масалиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

«Эгер кайсы бир жараныбыз өзүнүн саясий көз карашы менен бийликке каршы күрөш жарыяласа бийлик ойлонушу керек, мүмкүнчүлүк болсо анын көйгөйүн чечкенге аракет көрүшү зарыл. Бирок экс-президент, долларлык миллионер болуп калган адам, Жогорку Кеңеште эң чоң фракциясы бар партиянын лидери бийликке каршы күрөш баштаса, оппозицияны бириктирем деп жарыяласа, анда коомчулукта такыр башкача абал пайда болот. Ал кишинин айылы, тууган-уруктары борборубузга жакын жайгашса дүрбөлөң уюштурууга толук мүмкүнчүлүк бар. Экстин мүнөзүн баарыбыз билебиз», — деди Масалиев.

Количество просмотров: 16