Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттык тажрыйбасында бир мектептин макамы, артыкчылыгы үчүн бир канча мыйзамдарды өзгөртүү Кыргызстанда болбогонун, ал гана эмес жалпы дүйнөлүк тажрыйбада жоктугун айтты.
«Кыргызстандагы 1,5 млн баладан силер бир мектептеги 197 баланын укугун жогору коюп атасыңар. Лицей-гимназия деген макамды башка мектептерден алып салып, ошол эле учурда президенттик лицей деп бир мектепке артыкчылык бердиңер», — деди депутат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-октябрдагы жалпы жыйында «Эл үмүтү» стипендиясынын ээлерине жана “Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга тапшырууда жана мамлекеттик кызматка ишке орношууда жеңилдик берүү боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун 1-окууда карап, жактырды.